> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте интернет үзгүлтүккө учурады
- URL: https://im.kg/all/2022/10/24/bishkekte-internet-zg-lt-kk-uchurady/
- Published: 2022-10-24T12:13:57.000Z
- Updated: 2022-10-24T12:27:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте интернет үзгүлтүккө учурап жатат. “Акнет”, Homeline, MegaCom уюлдук оператору сыяктуу провайдерлерлеринде байланыш жок болууда. Бул тууралуу окурмандар Economist.kg сайтына билдиришти.**

> Интернеттеги үзгүлтүктөр боюнча “Акнет” интернет провайдери комментарий берди.

Компания белгилегендей, техникалык көйгөйлөрдөн улам, башкы провайдердин интернет ылдамдыгы олуттуу төмөндөп кеткен жана же толук жеткиликсиз болушу мүмкүн.

> «Учурда бардык зарыл болгон кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы жана кечээ камалган жарандык активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында “Реакция 5.0” деп аталган [тынчтык митинги](http://localhost/info-portal/news/2022/10/24/b-g-n-kamaktagy-aktivistter-menen-sayasatchylardy-koldoo-maksatynda-tynchtyk-mitingi-t-t/) болот.