> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 85%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/10/24/lk-d-naktalaj-emes-t-l-md-rd-n-k-l-m-85-ga-st/
- Published: 2022-10-24T10:16:16.000Z
- Updated: 2022-10-24T10:16:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын үчүнчү чейрегинде өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 85%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.**

21-октябрда Новотелде КРнын Электрондук коммерция Ассоциациясы жана Экономика жана Коммерция министрлиги тарабынан иш-чаранын башкы өнөктөшү Visa компаниясынын колдоосу менен санариптик төлөм индустриясынын лидери жана GLOVOнун расмий өнөктөшү уюштурган эл аралык электрондук коммерция форуму болуп өттү.

Форумда акыркы жылдары электрондук коммерция жана электрондук бизнес тармагында активдүүлүк күчөгөнү байкалып жатканы, **КРда электрондук коммерция калыптануу стадиясында экени** айтылды.

> “2022-жылдын үчүнчү чейрегинде өлкөдө **накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 85%га өскөн**, ал эми электрондук коммерцияда накталай эмес операциялардын көлөмүнүн өсүшү 43%ды түзгөн”, – деп айтылат маалыматта.