> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК учурда 15.6 миң арыз кабыл алды, андан 236 арыз каралууда
- URL: https://im.kg/all/2022/10/24/mik-uchurda-15-6-mi-aryz-kabyl-aldy-andan-236-aryz-karaluuda/
- Published: 2022-10-24T10:58:53.000Z
- Updated: 2022-10-24T10:59:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**МИК** **учурда жарандардын 15 миң 675 арызын кабыл алып, 6 миң 741 адам банктардын кароосуна кезеке коюлду. Бул тууралуу МИКтин төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.**

Жогорку Кеңештин «Альянс» парламенттик фракциясынын депутаттары МИКтин имаратында көчмө жыйын өткөрүшкөн.

Жыйында баяндама жасаган МИКтин төрайымы Аида Төлөгөнова белгилегендей, компания 2015-жылы ипотека рыногун өнүктүрүү аркылуу калктын насыяга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында түзүлгөн. 

> «Бул убакыт ичинде 7606 үй-бүлө **11 млрд 840 млн сомго** турак жай менен камсыздалды. Учурда жарандардын 15 миң 675 арызы кабыл алынып, 6 миң 741 адам банктардын кароосуна кезеке коюлду, **236 арыз каралууда**», – деди Төлөгөнова.

Жыйында Башкармалыктын төрайымынын орун басары Тилек Жээмбаев МИК турак жайды куруу маселеси боюнча иштеп жатканын, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары **300 га** жер тилкесин бөлүп берүүгө даяр экендигин маалымдады. 

> «Аянты 1 гектарга жакын жер тилкелерине МИК өз каражатынан турак жай курууну көздөп жатат, 1 гектардан ашкан жерлерге кошумча каражаттарды тартуу үчүн инвестициялык сынак жарыяланат», – деди ал.