> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кемин районунда темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана ачылат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/25/kemin-rajonunda-temir-zhol-shpaldaryn-chygaruuchu-ishkana-achylat/
- Published: 2022-10-25T17:09:37.000Z
- Updated: 2022-10-26T10:35:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чүй облусунун Кемин районунда темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана ачылат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышкан соң, Чүй облусунун Кемин районундагы ишке киргизүүгө даярдалып жаткан темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкананы көрүп чыкты. 

> Ишкананын курулуш иштери ушул жылдын май айында башталган. Ноябрда бардык зарыл жабдууларды орнотуу иштерин бүткөрүп, декабрь айында жогорку сапаттагы шпалдарды чыгарып баштоо мерчемделген. Өндүрүштүн күтүлгөн кубаттуулугу – **айына 6-8 миң даана шпал** чыгаруу.

Ишкананын продукциясы ички рыноктун, анын ичинде Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу учурунда шпалга болгон муктаждыкты жаба алат.

> “Мурда өлкөдө темир жолдорду оңдоодо чет өлкөлөрдөн материалдар алынып келсе, эми оңдоп-түзөөдө жана куруу иштерине атамекендик өндүрүштөгү шпалдарды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде баанын төмөндөшүнө алып келет. Ишкананын планында тышкы рынокко дагы чыгуу, өз продукциясын — шпалдарды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо бар”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров жалпы өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниси зор болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын эске салды.

Долбоорду ишке ашырып, андан ары Жалал-Абад облусуна темир жол төшөө менен өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактары темир жол каттамы аркылуу бириктирилет.

> Келечекте Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече багытындагы темир жолду долбоорлонуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу менен туташтыруу пландалууда.

Мындан тышкары, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу менен аймактардын калкын жана Бишкек ТЭЦин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде отун менен камсыз кылууда Кара-Кече кенинен көмүр ташуунун чыгымы аз жолу түзүлөт.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal2.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal3.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal4.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal4.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal5.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal5.jpeg)  
default
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal6.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal6.jpeg)  
default
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal7.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/shpal7.jpeg)

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/zhaparov1.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/10/zhaparov1.png)