> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Самара, Казань, Новосибирск - учурда Бишкектен Россиянын үч шаарына поезд каттамы жүрүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/10/25/samara-kazan-novosibirsk-uchurda-ch-shaarga-poezd-kattamy-zh-r-d/
- Published: 2022-10-25T09:47:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:20:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Бишкек Темир Жолу” МИнин маалымат кызматы эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу каттам боюнча маалымат берди.**

№17 **Бишкек-Самара** багытындагы ылдам поезди **жумасына эки жолу** – **шаршемби жана жума** күндөрү жөнөйт, Самарага жума жана жекшемби күндөрү жетет. №18 Самара – Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү жөнөп, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Жолдун жалпы узундугу 2685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы – 56 саат 30 мүнөттү түзөт.

№305 **Бишкек – Казань** багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен **жумасына бир жолу – дүйшөмбү** күндөрү жөнөйт, Казанга бейшемби күндөрү келет.

№306 Казань – Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгат, Бишкекке жекшемби сайын келет. Жолдун жалпы узундугу 3286 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы – 64 саат 40 мүнөттү түзөт.

№385 **Бишкек-Новосибирск,** № 386 Новосибирск-Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди **сегиз күндө бир жолу** каттайт. Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы – 52 саат 43 мүнөттү түзөт.

Өлкө ичинде күн сайын төмөнкү каттамдар жүрөт: Бишкек-1 – Токмок, Бишкек-2 – Кайыңды.

- Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта жол жүрүү документтерин (билет) сатып алсаңыз, купелерде жана СВ вагондордо 45%, ал эми плацкарт вагондордо 35% арзандатуу бар.

Жол жүрүү билеттин баасын, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин тактап алуу үчүн жарандар төмөнкү телефондор аркылуу маалымат ала алышат: уюлдук телефон – 0705 076696, стационардык телефон: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92 -68-40