> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарына бүгүн жылуулук берилип баштайт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/26/bishkek-shaaryna-b-g-n-zhyluuluk-berilip-bashtajt/
- Published: 2022-10-26T11:23:18.000Z
- Updated: 2022-10-26T16:18:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 26-октябрдан баштап “Электр станциялары” ААК филиалы – “Бишкекжылуулуктармагы” Бишкек шаарына жылуулук берүүнү баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> Буга байланыштуу “Бишкекжылуулуктармагы” тургундарды үйлөрдүн жана имараттардын үстүңкү кабаттарынын жылыткычтарында жайгашкан Маевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарылдыгын эскертет.

Жылытууну берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи орунда – жылуулук энергиясын мурда пайдалангандыгы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.

Эске салсак, “Бишкекжылуулуктармагы” 137 миң абонентти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Жылуулукка байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: – (0312) 61-11-69, 1980, 0557611166, 0777611166, 0701611166.