> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбордогу жылуулук тармактарынын жабдууларынын 70% эски - «Бишкекжылуулуктармагы» тургундарды эскертет
- URL: https://im.kg/all/2022/10/26/borbordogu-zhyluuluk-tarmaktarynyn-zhabduularynyn-70-eski-bishkekzhyluuluktarmagy-turgundardy-eskertet/
- Published: 2022-10-26T11:36:47.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:27:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 26-октябрдан баштап “Электр станциялары” ААК филиалы – “Бишкекжылуулуктармагы” Бишкек шаарына жылуулук берүүнү баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> Борбордогу жылуулук тармактарынын жабдууларынын 70% эски болгондуктан “Бишкекжылуулуктармагы” жарандарды ысык суу же буу чыгып жатканы байкалса, сөзсүз кайрылууга чакырат.

- Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980; Мобилдик тел.: 0557 61-11-66; 0777 61-11-66; 0701 61-11-66
- Диспетчердик кызмат: 56-85-58
- Борбордук райондун ички системалары боюнча күзөтчү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67
- Борбордун түштүк райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдөгү системалар боюнча күзөтчү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.

Белгилей кетсек, **жылытууну берүү бир нече күнгө созулат**. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи орунда – жылуулук энергиясын мурда пайдалангандыгы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.

Эске салсак, “Бишкекжылуулуктармагы” 137 миң абонентти жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

> Ошондой эле аталган мекеме тургундарды үйлөрдүн жана имараттардын үстүңкү кабаттарынын жылыткычтарында жайгашкан Маевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарылдыгын эскертет.