КР Түркмөнстандан 2 млрд кВт саат электр энергиясын жана 350 млн куб газ сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан 2 млрд кВт/саат электр энергиясын жана 350 млн куб газ сатып алат. Буга чейин электр энергиясы боюнча келишимге кол коюлган. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Жыйында депутат Русланбек Жакышов быйыл кышында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурабайбы деп сурады.

«Жылуулук кызматкерлеринин, биринчи кезекте «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын эң биринчи милдети – элди жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу. Өткөн жумада Түркмөнстанга бардым. Азыр 2 млрд киловатт-саатка келишим түзүү процедуралары жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө дагы 350 млн куб газ берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Биринчи орун басарым азыр Ашхабадда, баа тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», – деди министр.

Мындан тышкары, анын айтымында, “Каражыра” кени (Казакстан) менен келишим түзүлгөн. Бул айда 18 тонна көмүр алынып келинет, 130 вагон жүктөө күтүлүүдө.

«Азыр ТЭЦте 252 миң тонна көмүр бар. Суук түшөрү менен жүктү 270 мегаваттка көтөрдүк. Бүгүн таңкы саат 6да шаарга жылуулук бериле баштады. Биринчи кезекте бала бакчаларга, ооруканаларга жана мамлекеттик мекемелерге, ушул жуманын аягында Бишкектеги ар бир үйгө жылуулук берилет», – деди Ибраев.

Ошондой эле ал өткөн жылдагыдай трассаларда өчүрүүлөр болбой турганын, бирок жеке коммерциялык мекемелерден электр энергиясын үнөмдөп, күндүзгү лимиттерди сактоону суранып жатышканын кошумчалады.