> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын жети миллионунчу жараны Жакшылык 11.5 млн сом алат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/26/krnyn-zheti-millionunchu-zharany-zhakshylyk-11-5-mln-som-alat/
- Published: 2022-10-26T09:55:57.000Z
- Updated: 2022-10-26T09:57:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын жети миллионунчу жаранына 1 млн сом анын депозиттик эсебине берилет жана Жакшылык 16 жашка чыкканга чейин ал көбөйүп, 11.5 млн сом болот.**

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында КРнын жети миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолугушканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

> Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн имаратында КРнын президентинин атынан жети миллионунчу жаранга 16 жашка чыкканда 11.5 млн сомго жакын сумадагы каражат топтолчу депозиттик эсеп ачуу үчүн **1 млн сом** суммасындагы сертификатты тапшыруу аземи орун алды. Мындан тышкары, наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.

Өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилет.