> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан алтын камтыган концентраттарды экспорттоого 2023-жылдын 1-майынан тартып тыюу салынат
- URL: https://im.kg/all/2022/10/26/kyrgyzstandan-altyn-kamtygan-koncentrattardy-eksporttoogo-2023-zhyldyn-1-majynan-tartyp-tyjuu-salynat/
- Published: 2022-10-26T16:15:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:34:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров «КРдан алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

КРнын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн концентраттарды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) чыгарууга алты **айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу** белгиленүүдө.

> «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААКга КРнын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилүүдө.

Мамлекеттик бажы кызматы жана КР УКМКнын Чек ара кызматы ушул Жарлыкта көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү зарыл.

Министрлер кабинетине белгиленген тартипте убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды.