> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы түзүлгөн тигүү ишканалары 5 жыл салык төлөбөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/10/26/zha-y-t-z-lg-n-tig-ishkanalary-5-zhyl-salyk-t-l-b-jt/
- Published: 2022-10-26T13:15:47.000Z
- Updated: 2022-10-26T13:17:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаңы тигүү ишканалары беш жыл бою салык төлөбөйт. Бул тууралуу кечээ, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.**

Анын айтымында, бардык жаңы түзүлгөн ишканалар гана салыктардан бошотулат. Ошол эле учурда Социалдык фондго чегерүү төлөнөт. Ага ылайык, Салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

> Амангелдиев беш жылдыктын мөөнөтү аяктагандан кийин алтынчы жана жетинчи жылдарда тигүүчү ишкана 50%, ал эми сегизинчи жылдан тартып, 100% салык төлөөгө өтө тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Экономика министри бүгүнкү күндө тигүү тармагына эң төмөнкү көрсөткүч – кирешенин 0.25%ы белгиленгенин эске салды.