> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ЖЭБден чыккан күлдү утилизациялоого жыл сайын 100 млн сом кетет
- URL: https://im.kg/all/2022/10/27/bishkek-zhebden-chykkan-k-ld-utilizaciyaloogo-zhyl-sajyn-100-mln-som-ketet/
- Published: 2022-10-27T15:50:12.000Z
- Updated: 2022-10-27T16:00:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек Жылуулук электр борбору** (**ЖЭБ) жыл сайын чыккан күлдү утилизациялоого 100 млн сомго чейин каражат жумшайт. Бул тууралуу [Economist.kg](https://economist.kg/) басылмасына AAA GROUP корпорациясынын курамына кирген «Терек-Таш» ЖЧКсы Кемин районунда клинкер чыгаруу заводу тууралуу маалымат берип жатып билдирди.**

Бишкек ЖЭБ 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп, калкты жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздап келет. Ал эми көмүрдү жакканда анын калдыгы – күл пайда болуп, ал көп жылдан бери 8 млн тоннадан ашып, таштанды төгүүчү жайларга чогулуп кеткен. Жыл сайын ЖЭБден **190 миң тоннага** чейин күл чыгат.

«Терек-Таш» ЖЧКсынын өкүлү ЖЭБден чыккан күл убакыт өткөн сайын ашыкча чыгымга эле эмес, экологиялык көйгөйлөрдү жаратаарын айтат.

> “ЖЭБ жыл сайын **күл төгүүчү жайды күтүүгө жана күлдү утилизациялоого** **100 млн сомго чейин каражат жумшайт**. Бул таштандылар бир кезде калктуу конуштардан алыс болчу. Бирок учурда ал дээрлик борбордун ичинде эле болуп калды. Ал эми бул жыл өткөн сайын таштанды төгүлгөн жайлардын жанындагы конуштардагы абанын булганышы; жер астындагы суулардын булганышы; респиратордук, онкологиялык жана башка оорулардын өсүшү сыяктуу көйгөйлөрдү жаратат.

Ал эми бул экологиялык көйгөйдү чечүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө максатында биз Кытайдын бир нече илимий институттары менен биргеликте акыркы 2 жылда Бишкек ЖЭБинен чыккан көмүрдүн күлүн цементке кошумча катары пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүздүк.

> Изилдөөнүн жыйынтыгында, күлдү клинкерге кошумча катары колдонууга мүмкүн экенин аныктадык! Бирок таштандылардан чыккан күлдү түздөн-түз колдонууга болбойт – аны зыяндуу заттардан бөлүп алуу үчүн бөлүү процессин жүргүзүү зарыл. Бул үчүн кайра иштетүү керек”, – деди ал.

Кошумчалай кетсек, аталган ишкана Кемин районунда клинкер чыгаруу заводун ишке киргизип, Бишкек ЖЭБинен чыккан күлдү ага кошууну пландоодо.

***Кошумча окуңуз:***

[Кемин районунда клинкер чыгаруучу завод ишке кирсе, 300 адамды жумуш менен камсыз кылат](http://localhost/info-portal/news/2022/10/27/kemin-rajonunda-klinker-chygaruuchu-zavod-ishke-kirse-300-adamdy-zhumush-menen-kamsyz-kylat/)

[Чүй облусунда 150 млн долларга цемент завод курулат](http://localhost/info-portal/news/2022/09/07/ch-j-oblusunda-150-mln-dollarga-cement-zavod-kurulat/)

[Бийлик 150 млн долларлык инвестициялык келишимди чиновниктердин балдарынын компаниялары менен түздү – Factcheck.kg](http://localhost/info-portal/news/2022/09/08/bijlik-150-mln-dollarlyk-investiciyalyk-kelishimdi-chinovnikterdin-baldarynyn-kompaniyalary-menen-t-zd-factcheck-kg/)