> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкекжарык» МИде 140 млн сомду негизсиз иштетишкен - жок эле кызматкерлерге айлык төлөнүп жүргөн
- URL: https://im.kg/all/2022/10/27/bishkekzharyk-mide-140-mln-somdu-negizsiz-ishtetishken-zhok-ele-kyzmatkerlerge-ajlyk-t-l-n-p-zh-rg-n/
- Published: 2022-10-27T14:07:25.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:10:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын Ички аудит бөлүмү тарабынан «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына ички аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 140 млн сомдук тартыштык аныкталган.**

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган:

- эмгек акыны негизсиз төлөп берүү, ошондой эле “өлүк жандар” жана штаттык бирдиктерди негизсиз көбөйтүү менен ишкананын бюджетине **95.6 млн сом** өлчөмүндө зыян келтирилген
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 6.4 млн сом суммасындагы бузуулар, анын ичинен **1.1 млн сому** жасалма түзүлгөн келишимдерден келтирилген зыяндар
- **27.8 млн сом** өлчөмүндө адистештирилген жабдууларды ижарага берүү үчүн каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу
- берүүчүлөрдүн ишканага жашырылган дебитордук карызы **5.6 млн сом**
- кассалык операцияларды жүргүзүү, эсептик каражаттардын жана негизги каражаттардын жетишсиздиги бөлүмү боюнча **3.9 млн сомдун** тартыштыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, текшерүүдөн өткөн мезгилде биринчи кол коюу укугу менен «Бишкекжарык» МИнин **жооптуу кызмат адамдары – ишкананын директорлору** болушкан:

- 01.07.2019 – 09.08.2020-жылга чейин – Абдылдаев А.А.
- 08.09.2020 – 11.04.2020-жылга чейин – Чодонов А.К.
- 04.11.2020 – 29.10.2021-жылга чейин – Абдылдаев А.А.
- 29.10.2021- 13.09.22 жылга чейинки мезгилде – Чодонов А.К.

Экинчи кол коюу укугу менен ишкананын **башкы бухгалтерлери** төмөнкүлөр:

- 02.05.2017 – 29.07.2020-жылга чейинки мезгилде – Абдразакова З.М.
- 29.07.2020 – 11.01.2021-жылга чейинки мезгилде – Джолдошева А.К.
- 11.01.2021 – 30.09.2022-жылга чейинки мезгилде – Жангараева А.Б.
- 2022-жылдын 30-сентябрынан азыркы учурга чейинки мезгилде – Джумалиева А.Д.

«Бишкекжарык» МИнин айрым кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн ички аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилди.