> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЭКБ пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча жобо бекитилди
- URL: https://im.kg/all/2022/10/27/ekb-pajdalanuu-menen-elektr-energiyasyn-ishtep-chyguu-bojuncha-zhobo-bekitildi/
- Published: 2022-10-27T09:32:10.000Z
- Updated: 2022-10-27T09:32:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу микабдын маалымат кызматы билдирди.**

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, бул Жобо энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен өндүрүлгөн **энергиянын бардык түрлөрүнө белгиленген тарифтердин алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу** жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт. 

Тарифтик преференциялар каралган бул Жобо энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен жаңы объекттерге ЭКБ-орнотмолорун эксплуатацияга киргизүү учурунан тартып колдонулат.

Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдаланууну колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды.