> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумшекер заводдору менен соода түйүндөрү кумшекердин баасын көтөрбөөгө макулдашышты
- URL: https://im.kg/all/2022/10/27/kumsheker-zavoddoru-menen-sooda-t-j-nd-r-kumshekerdin-baasyn-k-t-rb-g-makuldashyshty/
- Published: 2022-10-27T17:20:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:02:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 27-октябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү кум шекер өндүрүүчү заводдордун жана ири соода түйүндөрдүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушууга «Кайыңды-Кант», «Кошой» ЖЧКлары жана ири соода түйүндөр – «Умай Групп» («Глобус», «Народный», «Достор»), «Яр-Марка», «Боорсок Инвест» («Алма»), «Оптомаркет Шекер» жана «Бай Элим Компани» ЖЧКларынын өкүлдөрү келишкен.  

Белгилей кетсек, кум шекерге КНСтин нөлдүк ставкасын колдонуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында аяктайт.  

> “Буга байланыштуу, жогорудагы чечимдин мөөнөтү аяктагандан кийин кум шекердин баа маселеси жана кум шекер рыногундагы кызматташуу боюнча жаңы келишим түзүү талкууланды.  
> Жыйындын **жыйынтыгында кум шекердин баасын көтөрбөө,** 
> **жеңилдетилген бааны эске алуу менен мурдагы деӊгээлде калтыруу, рынок шарты өзгөргөн учурда бааны төмөндөтүү** жагына тууралоо чечими кабыл алынды”, – деп билдирди Монополияга каршы кызматы.

Ошондой эле, аталган кызмат өз ыйгарым укуктарынын чегинде, заводдорго жана соода түйүндөрүнө КРнын монополияга каршы мыйзамдарынын нормаларын так сактоону сунуштады.