> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» Кыргызстанга өткөндөн кийинки алтындын кайда кеткенин иликтей турган комиссиянын курамы такталды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/27/kumt-r-kyrgyzstanga-tk-nd-n-kijinki-altyndyn-kajda-ketkenin-iliktej-turgan-komissiyanyn-kuramy-taktaldy/
- Published: 2022-10-27T17:45:20.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:22:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеште «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгү менен алтын казып алуу жана сатуу маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жетекчилиги шайланды.**

Белгилей кетсек, [жыйында](https://www.youtube.com/watch?v=YUewPioUq34&t=3s) “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, КРнын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

> Комиссиянын **төрагалыгына Исхак Масалиев, орун басарлыгына Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Нилуфар Алимжанова** шайланды.

Ошондой эле комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киришти.

• Адахан Мадумаров 

• Азизбек Турсунбаев 

• Балбак Түлөбаев 

• Бактыбек Сыдыков 

• Данияр Төлөнов 

• Динара Ашимова

• Жанарбек Акаев 

• Максатбек Сарбыгышев 

• Марат Мураталиев 

• Марлен Маматалиев 

• Надира Нарматова

• Нуржигит Кадырбеков 

• Улугбек Ормонов 

• Шайлообек Атазов 

• Элмурза Сатыбалдиев