> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк төлөм системаларына талаптарды иштеп чыгууда – сунуштарыңызды кантип берсеңиз болот?
- URL: https://im.kg/all/2022/10/27/uluttuk-bank-t-l-m-sistemalaryna-talaptardy-ishtep-chyguuda-sunushtary-yzdy-kantip-berse-iz-bolot/
- Published: 2022-10-27T10:44:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:44:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептешүү агенттерине карата минималдуу талаптар боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып жатканын билдирди.**

Ошондой эле регулятор кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл ала тургандыгын кабарлады. 

> Сунушталган жөнгө салуунун максаты – төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүдө өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн эсептешүү агенттерине минималдуу талаптарды белгилөө болуп саналат. 

Сунушталган жөнгө салуу төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын ишине тиешелүү. 

**Коомдук консультациялардын катышуучулары** **ү** **ч** **ү** **н суроолордун тизмеси:** 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы
- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы
- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы
- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн
- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал
- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы
- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.

Маалымат жана сунуштарды талкуулоо боюнча azmambetalieva@nbkr.kg электрондук почтасына жана 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 дареги боюнча электрондук почта аркылуу, 2022-жылдын 9-ноябрынан кечиктирбестен кайрылуу керек.