Улуттук банк төлөм системаларына талаптарды иштеп чыгууда – сунуштарыңызды кантип берсеңиз болот?
Улуттук банк төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептешүү агенттерине карата минималдуу талаптар боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып жатканын билдирди.
Ошондой эле регулятор кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл ала тургандыгын кабарлады.
Сунушталган жөнгө салуунун максаты – төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүдө өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн эсептешүү агенттерине минималдуу талаптарды белгилөө болуп саналат.
Сунушталган жөнгө салуу төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын ишине тиешелүү.
Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:
- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы
- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы
- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы
- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн
- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал
- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы
- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.
Маалымат жана сунуштарды талкуулоо боюнча azmambetalieva@nbkr.kg электрондук почтасына жана 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 дареги боюнча электрондук почта аркылуу, 2022-жылдын 9-ноябрынан кечиктирбестен кайрылуу керек.