> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизди өтө кооптуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураптыр - активист Илгиз Шаменов
- URL: https://im.kg/all/2022/10/28/bizdi-t-kooptuu-kylmyshkerlerdej-ele-tashiev-z-baryp-moskvadan-bizdi-suraptyr-aktivist-ilgiz-shamenov/
- Published: 2022-10-28T13:12:01.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:13:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты, активист жана ишкер Ильгиз Шаменов** **бийлик тарабынан карма** **лганын, Москвадан Кыргызстанга учуп келе жатканын өзүнүн [Facebook](https://m.facebook.com/story.php?story%5Ffbid=pfbid0opSUCixEPZMag4fVMc22H6mnyjgANVF41AgftKNcdSr2XKLp9Rjp53v2MTwordD5l&id=100015569766255) баракчасында билдирди.**

Анын айтымында, бүгүн, саат 15:00дө мурдараак кармалган Орозайым Нарматова менен кошо аэропортко конушат.

> “Бизди өтө кооптуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураныптыр, бергиле деп. Бизге бийликти курал жарак менен басып алуу беренесин коюшуптур жана эл аралык издөөгө беришиптир. 

> Силерден качкан эчким жок, кел, деп расмий чакырсаңар деле бармакмын. Орустар саясий качкын макамын берели деп сунуш кылышты, мен макул болгон жокмун. Элим, жерим үчүн, Кемпир-Абад, Жетим-Тоо үчүн түрмөгө отуруп чыгабыз, түрмөдөн качпайм”, – дейт ал билдирүүсүндө.

---

Эскерте кетсек, буга чейин «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын директору ишкер Ильгиз Шаменов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Фейсбуктан [кайым айтышып келишкен.](http://localhost/info-portal/news/2022/08/11/ajyl-charba-ministrinin-myjzamsyz-yjgaryp-algan-degen-toyota-land-cruiser-prado-unaasy-talkuuda/)

Ага чейин ишкер Шаменов министр Жаныбековдун коркутуп-үркүтүүлөрүн, мыйзамсыз, себепсиз текшерүүлөрүн айтып, УКМКнын жетекчисине [ачык кайрылуу жолдогон.](https://economist.kg/novosti/2022/08/09/vladelec-rybnogo-hozyajstva-tyan-shan-forel-napisal-tashievu-ob-ugrozah-so-storony-glavy-minselhoza/) Ага Шаменовдун **Айыл чарба министрлигиндеги 1 млрд сомдук коррупциялык** иштин бетин ачуу боюнча аракеттери себеп болгон. 

Ошондой эле Шаменов бийлик тараптан куугунтуктоо болгонун жана учурда ал Россияга кетип, балык чарба бизнесин ал жактан улантканы жатканын өзүнүн Фейсбук баракчасында [билдирген эле](https://www.facebook.com/Lolbors/posts/pfbid037jYnKUtuYKPAoLVPZbyLsHib3tt7wdLeJXqvJ7V5VuDA4HU3PWpW72ry79pZLfKPl).

Кийинки убактары Шаменов бийликтин саясий ишмердүүлүгүнө жана Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирлерин [билдирип ](https://www.facebook.com/Lolbors/posts/pfbid02jgHWWbkZdexf6RZmat4ahCM7zQ2yTSjBqZm76TU98mzkYBYFhRpWqmxSaFAZP1CYl)жүргөн.

***Кошумча окуңуз:***

[Министр менен бизнесмендин тиреши: Айыл чарба министрлиги «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсында мыйзам бузууларды таап чыкты](http://localhost/info-portal/news/2022/09/15/ministr-menen-biznesmendin-tireshi-ajyl-charba-ministrligi-tyan-shan-forel-zhchksynda-myjzam-buzuulardy-taap-chykty/)

[Айыл чарба министринин «мыйзамсыз ыйгарып алган» деген Toyota Land Cruiser Prado унаасы талкууда](http://localhost/info-portal/news/2022/08/11/ajyl-charba-ministrinin-myjzamsyz-yjgaryp-algan-degen-toyota-land-cruiser-prado-unaasy-talkuuda/)