Бизди өтө кооптуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураптыр - активист Илгиз Шаменов

Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты, активист жана ишкер Ильгиз Шаменов бийлик тарабынан кармалганын, Москвадан Кыргызстанга учуп келе жатканын өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, саат 15:00дө мурдараак кармалган Орозайым Нарматова менен кошо аэропортко конушат.

“Бизди өтө кооптуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураныптыр, бергиле деп. Бизге бийликти курал жарак менен басып алуу беренесин коюшуптур жана эл аралык издөөгө беришиптир.

Силерден качкан эчким жок, кел, деп расмий чакырсаңар деле бармакмын. Орустар саясий качкын макамын берели деп сунуш кылышты, мен макул болгон жокмун. Элим, жерим үчүн, Кемпир-Абад, Жетим-Тоо үчүн түрмөгө отуруп чыгабыз, түрмөдөн качпайм”, – дейт ал билдирүүсүндө.


Эскерте кетсек, буга чейин «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын директору ишкер Ильгиз Шаменов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Фейсбуктан кайым айтышып келишкен.

Ага чейин ишкер Шаменов министр Жаныбековдун коркутуп-үркүтүүлөрүн, мыйзамсыз, себепсиз текшерүүлөрүн айтып, УКМКнын жетекчисине ачык кайрылуу жолдогон. Ага Шаменовдун Айыл чарба министрлигиндеги 1 млрд сомдук коррупциялык иштин бетин ачуу боюнча аракеттери себеп болгон. 

Ошондой эле Шаменов бийлик тараптан куугунтуктоо болгонун жана учурда ал Россияга кетип, балык чарба бизнесин ал жактан улантканы жатканын өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирген эле.

Кийинки убактары Шаменов бийликтин саясий ишмердүүлүгүнө жана Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирлерин билдирип жүргөн.

Кошумча окуңуз:

Министр менен бизнесмендин тиреши: Айыл чарба министрлиги «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсында мыйзам бузууларды таап чыкты

Айыл чарба министринин «мыйзамсыз ыйгарып алган» деген Toyota Land Cruiser Prado унаасы талкууда