Оштогу ишкана кыргыз өндүрүшүнө бут тосуулар болуп жатканына нааразы

“МЕДИМПЕКС” ишканасынын директору Канатбек Кадыров мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө ата мекендик өндүрүшчүлөргө жеңилдиктер алынып салынганына нааразы болду.

Ишкер бул маселе тууралуу 25-октябрда “Кыргызстандагы бизнес жана инвестициялык климаттын актуалдуу маселелери” деп аталган тегерек столдо айтты.

Анын айтымында, 2016-жылдан бери «МЕДИМПЕКС» ишканасы Ош шаарында 2 мл 20 мл чейин бир жолу колдонулуучу шприцтерди, ошондой эле инсулин шприцтерин чыгарып келет.

«Менимче, Кыргызстандын өндүрүшүнө бут тоскон топтор бар. Өзүңүздөр билгендей, мамлекеттик сатып алуулар боюнча 2015-жылкы мыйзамда ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн 20% жеңилдиктер бар эле. Бул жеңилдиктер 2022-жылдагы түзөтүүлөрдө алынып салынган.

Өзбекстанда да ушундай өндүрүштөр ​​бар, алар менен тыгыз байланыштабыз. Алар продукциясын чет өлкөгө чыгаргысы келсе, өкмөт аларга өздүк наркы боюнча сатууну сунуштап, калган акчасын биз беребиз, мамлекетке валюта келип турсун деп айтат экен. Ошондуктан өзбек, азербайжан өндүрүшүнүн бир жолу колдонулуучу шприцтери өз баасында кетет. А бизде болсо 20% жеңилдетүүнү да алып салышты. Ушундай шартта башка өлкөлөр менен кантип тең тайлаша алабыз?» – деди Кадыров.

Ал Экономика министрлигине да, министрлер кабинетине да мамлекеттик жардамсыз коңшу мамлекеттердин компаниялары менен атаандашуу кыйын болуп жатканын айтып кат жолдогон, бирок бир да жолу жооп алган эмес.

Ал ошондой эле учурда ишкананын продукциясынын сапаты мыкты деп тастыкталганын жана Россия менен Түштүк Кореяга жөнөтүлүп жатканын айтты. Продукциянын сапаты жакшы болгондуктан гана бүт чыгымдарды орустар өзүнө алганын билдирди.