> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# USAID бизнес-долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү кабыл алууда - грант 50 миң доллар
- URL: https://im.kg/all/2022/10/28/usaid-biznes-dolboorlordu-karzhyloogo-t-nm-l-rd-kabyl-aluuda-grant-50-mi-dollar/
- Published: 2022-10-28T12:43:47.000Z
- Updated: 2022-10-28T12:46:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**USAID Борбор Азияда ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында, бизнес-долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү кабыл алууда. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.**

Максат – экономиканын тез өнүгүп жаткан тармактарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, элди иш менен камсыз кылуу жана кирешесин жогорулатуу.

Гранттын максималдуу суммасы – **50 миң доллар**. Тандоо эки этапта өтөт:

- Долбоордун концепциясы
- Концепцияны тандоодон кийин толук өтүнмө кабыл алуу.

Өтүнмөлөр 2022-жылдын 1-декабрына чейин каалаган убакта кабыл алынат.