Баткенге бөлүнгөн 6-8 млрд сомдун 4.1 млрд сому ыйгарым укуктуу органдардын эсебине түштү - Акылбек Жапаров

Баткен облусуна бөлүүгө пландалган 6-8 млрд сомдун 4.1 млрд сомго жакыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине түштү. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепетинен Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Минкабдын маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жабыркаган жарандарга жана юридикалык жактарга ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында Баткен, Лейлек райондору жана Баткен шаарында келтирилген зыянды аныктоо комиссияларынын ишин бир жумалык мөөнөттө жыйынтыктоо тапшырылды.

Ал Баткен облусу мамлекет башчынын жана минкабдын көңүл борборунда экендигин белгиледи.

«Бардык зарыл болгон чечимдер ыкчам тартипте кабыл алынат, дагы бир маселе – алардын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылышы. Кечээ мен курулуш иштери кандай жүрүп жатканы менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз. Калыбына келтирүү иштеринен тышкары Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашырууну улантуу зарыл», – деди Жапаров.

“Жапаров Баткен облусуна бөлүү пландалган 6-8 млрд сомдун 4.1 млрд сомго жакыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине түшкөнүн кошумчалады. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330.75 млн сом кайрымдуулук жардам катары түшүп, анын 138.4 млн сому чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген.

Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга 250 млн сом бөлүнгөн. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган 3 млрд сомдун 1.3 млрд сому каржыланган, анын ичинен 1 млрд сому – турак жайларды курууга, 300 млн сому жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого багытталган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Улуттук банкка (макулдашуу боюнча) үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрына чейин Баткен облусунда катталган жана ишкерлик кылган ишкер субъекттерине коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары тарабынан зайымдык каражаттарды  берүү тартибин жөнөкөйлөтүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүсү сунушталган.