> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан Талас облусунан мал этин ташууга мурда коюлган тыюу салууну алып салды
- URL: https://im.kg/all/2022/10/31/kazakstan-talas-oblusunan-mal-etin-tashuuga-murda-kojulgan-tyjuu-saluunu-alyp-saldy/
- Published: 2022-10-31T17:10:13.000Z
- Updated: 2022-10-31T17:12:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык көзөмөлдөө комитети үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Кыргызстандын Талас облусунан мал чарба продукциясын, тагыраак айтканда, эт азыктарын алып кирүүгө тыюу салган болчу.** 

14-октябрда Казакстан аталган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алганын [eldala.kz](https://eldala.kz/novosti/zhivotnovodstvo/12261-kazahstan-razreshil-vvoz-myasa-iz-talasskoy-oblasti-kyrgyzstana) порталы билдирди.

> “Тыюу салууга Талас облусунда күйдүргү оорусунун очогу катталгандыгы тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгы уюмунун билдирүүсү негиз болгон. Андан кийин Казакстан Талас облусунан айыл чарба жана жапайы жаныбарлардын бардык түрлөрүн, генетикалык материалды, эт жана эт азыктарын, сүт жана башка азыктарды алып кирүүгө тыюу салган болчу”, – дейт казак порталы.

**Кошумча окуңуздар:**

[Казакстан КРга жумуртка, ун, шоколад, макарон азыктарын экспорттойт — ал эми Кыргызстанчы?](http://localhost/info-portal/news/2022/10/31/kazakstan-krga-zhumurtka-un-shokolad-makaron-eksporttojt-al-emi-kyrgyzstanchy/)