> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, БАЭ, Катар, Кувейт, Иордания кыргызстандыктарды жумушка алууга даяр
- URL: https://im.kg/all/2022/10/31/saud-arabiyasy-bahrejn-oman-bae-katar-kuvejt-iordaniya-kyrgyzstandyktardy-zhumushka-aluuga-dayar/
- Published: 2022-10-31T12:27:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:19:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бириккен Араб Эмираттары жана Перс булуңунун 6 өлкөсү Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев аталган өлкөлөрдүн жеке компаниялары менен жолугуу учурунда белгилүү болду.** 

Министрликтин берген маалыматына таянсак, КРнын жарандарын ишке орноштуруу боюнча кызматташууга Эмгек министрлиги менен аталган өлкөлөрдүн жеке компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюу аземи болгон.

> «Эмгек министрлиги биздин жарандарды Перс булуңунун жети мамлекетинде мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу боюнча келишим түздү, алар **Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Иордания**. 

> Бүгүнкү күндө бул өлкөлөрдө **815 бош жумуш оруну** бар, ошол эле учурда чакырган тарап визаны бекер берип, авиакаттамды төлөйт. Ошондой эле талапкер өзүнүн документалдык колдоо көрсөтүүсүнө байланыштуу чыгымдарды төлөбөйт», – деп билдирди министрликтен.

Бул өлкөлөрдө жарандардын ишке орношуусу боюнча маалыматты КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунан, ошондой эле – [migrant.kg](https://migrant.kg/kg/) сайтынан алса болот.