Сингапурда өткөн Dota 2 турниринин финалында кыргызстандык Team Secret 2-орунду утуп алышты - 2.45 млн доллар

Кыргызстандык Бакыт Эмилжанов ойногон Team Secret командасы (Европа) Сингапурда өткөн дүйнөдөгү эң ири Dota 2 турниринин финалында экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) маалымат кызматы билдирди.

“Утуш 2.45 млн долларды түздү. Куттуктайбыз. Ал Европадан (Tundra) келген атаандаштарына 3:0 эсебинде утулуп калды. Жеңүүчүгө баш байге — 8.3 млн доллар берилди. Быйыл миллиондогон акчалай сыйлыктар үчүн ар биринде бештен адам бар 20 команда ат салышты”, – деп айтылат билдирүүдө.

ЖТПдан белгилешкендей, Team Secret командасына Европадан жана Кыргызстандан келген оюнчулар кирет. Zayac деген ат менен белгилүү Бакыт Эмилжанов кибер-спорт боюнча эң ири турнирге буга чейин бир канча жолу катышкан.


Dota 2 – Valve Corporation тарабынан иштелип чыккан, MOBA жанрындагы көп оюнчу бар компьютердик командалык оюн. Fk Warcraft III үчүн DotA модификациялык картасынын көз карандысыз уландысы болуп саналат, анда беш кишиден турган эки команда бири-бири менен күрөшөт. Ар бир оюнчу уникалдуу жөндөмү жана оюн стили бар бир баатырды башкарат.