> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сот департаменти мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө 5.5 млн сомду «жеп коюшкан» - кайра «кусушту»
- URL: https://im.kg/all/2022/10/31/sot-departamenti-mamlekettik-satyp-aluulardy-zh-rg-z-d-5-5-mln-somdu-zhep-kojushkan-kajra-kusushtu/
- Published: 2022-10-31T16:46:17.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:37:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК КРнын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөндө мыйзамсыз иштеткен 5.5 млн сомду кайра ордуна толук койгонун билдирди.**

2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот системасына жалпы **42 млн 835 миң сомдон** ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган. 

УКМКнын берген маалыматына таянсак, иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен **жең ичинен сүйлөшүп алышып, алар сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалаган** фактылар аныкталган. 

> “Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, мамлекет**ке 5 млн 519 миң сом** өлчөмдө зыян келтирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө”, – деп айтылат маалыматта.