> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк алтынды сатуудан түшкөн 760 млн долларды доллардын курсун кармап турууга жумшаган
- URL: https://im.kg/all/2022/10/31/uluttuk-bank-altyndy-satuudan-t-shk-n-760-mln-dollardy-dollardyn-kursun-karmap-turuuga-zhumshagan/
- Published: 2022-10-31T16:20:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:47:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк алтын сатуудан түшкөн каражаттан доллардын курсун кармап турууга жумшады. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев билдирди.**

Анын айтымында, Улуттук банк 19 тонна алтынды **1 млрд доллардан** ашык каражатка сатып, андан кийин доллардын курсун кармоо үчүн интервенцияларга **760 млн долларга** жакын акча короткон.

> «Улуттук банк интервенцияларды өз каражатынан жүргүзөт, анда эмне үчүн мамлекеттин акчасын коротот? Бул каражаттар өлкөнүн бюджетине түшүшү керек эмеспи?», – деп суроо салды комитеттин төрагасы.

Ага Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков жооп берип жатып, Улуттук банк «Кыргызалтындан» 19 тонна алтын сатып алып, бул алтын-валюта резерви болуп калганын айтты. Кийинчерээк 700 млн доллардан ашык каражат курстук интервенцияларга жумшалган.