> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетикалык суусундуктардан төрт айда 78 млн сом акциз салыгы чогулду
- URL: https://im.kg/all/2022/11/01/energetikalyk-suusunduktardan-t-rt-ajda-78-mln-somdon-ashyk-akciz-salygy-choguldu/
- Published: 2022-11-01T17:12:14.000Z
- Updated: 2022-11-01T17:12:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 78 млн сомдон ашык акциз салыгын чогултканын билдирди.**

Эске салсак, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы 2022-жылдын 1-июлунан тартып чогулуп баштаган жана андан бери **78.4 млн сом** чогулткан.

Чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37.1 млн сом акциз салыгын жана импорттолуучу продукцияга – 41.2 млн сомду түзөт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, акциздин ставкасы 1 литр үчүн 1 сомду түзөт.

---

КРнын аймагына энергетикалык ичимдиктерге тыюу салуу сунушталууда. Аталган [мыйзам долбоору](http://kenesh.kg/ky/article/show/9576/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-25-oktyabrya-2022-goda-vinositsya-proekti-zakonov-o-zapreshtenii-vvoza-proizvodstva-sbita-i-realizatsii-energeticheskih-napitkov-na-territorii-kirgizskoy-respubliki-i-o-vnesenii-izmeneniya-v-zakon-kirgizskoy-respubliki-o-gosudarstvennom-regulirovanii-proizvodstva-i-oborota-etilovogo-spirta-alkogolynoy-produktsii-roznichnoy-prodazhi-i-potrebleniya-alkogolynoy-produktsii-toniziruyushtih-bezalkogolynih-i-slaboalkogolynih-napitkov) 25-октябрдан тартып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам жарандардын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

**Кошумча окуңуз:**

[Бизнес чөйрөсү накталай эмес сатуудагы салыктын нөлдүк ставкасын узартууну суранууда — ЭИК](http://localhost/info-portal/news/2022/09/22/biznes-ch-jr-s-naktalaj-emes-satuudagy-salyktyn-n-ld-k-stavkasyn-uzartuunu-suranuuda-eik/)

[Алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөө боюнча Салык кызматынын талабы – мыйзамдуу](http://localhost/info-portal/news/2022/09/06/alkogolsuz-suusunduktarga-akciz-salygyn-t-l-bojuncha-salyk-kyzmatynyn-talaby-myjzamduu/)

[Энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы литрине 10 сомдон ашпайт](http://localhost/info-portal/news/2022/07/13/energetikalyk-alkogolsuz-suusunduktarga-akciz-salygy-litrine-10-somdon-ashpajt/)

[Кыргызстанда энергетикалык ичимдиктерге тыюу салуу сунушталууда](http://localhost/info-portal/news/2022/10/26/kyrgyzstanda-energetikalyk-ichimdikterge-tyjuu-saluu-sunushtaluuda/)

[Алкоголсуз сергитүүчү суусундуктар 20-30 сомго кымбатташы мүмкүн](http://localhost/info-portal/news/2022/09/05/alkogolsuz-sergit-ch-suusunduktar-20-30-somgo-kymbattashy-m-mk-n/)