> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кемпир-Абад маселеси комитетте жабык каралып, жыйынтыгында долбоорду депутаттар колдоп беришти
- URL: https://im.kg/all/2022/11/01/kempir-abad-maselesi-komitette-zhabyk-karalyp-zhyjyntygynda-deputattar-koldop-berishti/
- Published: 2022-11-01T10:37:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:26:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кечээ, 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырып, колдоп беришти.**

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров менен Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишкен.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын [“Азаттыкка”](https://www.facebook.com/azattyk.org) билдирди:

> “Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат”, – деген ал.

Белгилей кетсек, **долбоор комитетте жабык каралды**. Документти комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Долбоорду жабык кароого комитеттин он мүчөсүнүн үчөө – депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков каршы болушту.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы болгон жарандык активисттер менен саясатчылардын саны 26га жетти. 

Эске салсак, 23-октябрдан бери 20дан ашык саясатчы жана активист укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимге каршы чыгышкан. Алардын көбүнө эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген.