> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды - жыл башында 8.5% болчу
- URL: https://im.kg/all/2022/11/01/uluttuk-bank-eseptik-chendi-14-de-geelinde-kaltyrdy/
- Published: 2022-11-01T10:51:06.000Z
- Updated: 2022-11-01T11:07:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 14% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдири.** 

Чечим 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

> Белгилей кетсек, Улуттук банк **эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт**, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, **сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт**. Кошумча, бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.

Эскерте кетсек, өлкөнүн башкы банкы 2022-жылдын 31-январында эсептик ченди 50 базистик пунктка [**8.5%га** ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/01/uluttuk-bank-eseptik-chendi-8-5-ga-chejin-zhogorulatty/)чейин жогорулатуу чечимин кабыл алган.

---

Белгилей кетсек, буга чейин [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) Улуттук банктан эсептик чен кандай иштээрин жана ал кандай себептер менен көтөрүлүп жаткандыгына түшүндүрмө сураганда, жөнгө салуучу[ эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалып жаткандыгын](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/06/uluttuk-bank-zhoop-beret-eseptik-chendi-k-t-r-inflyaciyany-basa-datuu-ch-n-zhasaluuda/) билдирген болчу.