> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын бюджетинде «капиталдык курулушка» 13 млрд сомго жакын каражат жетпейт - депутат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/02/2023-zhyldyn-bjudzhetinde-kapitaldyk-kurulushka-13-mlrd-somgo-zhakyn-karazhat-zhetpejt-deputat/
- Published: 2022-11-02T11:42:19.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:05:41.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы Кыргызстанда 500 объектинин курулушун бүтүрүү керек. Бардык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 16-17 млрд сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.**

> Анын айтымында, келерки жылы «капиталдык курулуш» пунктунда болгону **3 млрд сом** каралган, демек, 13 млрд сомго жакын жетишпейт. Андыктан ал каржылоону **10 млрд сомго** чейин көтөрүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, “2023-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзам долбоорунда Финансы министрлиги бюджеттин дефицити **21.2 млрд сомду** түзөт деп болжолдогон. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси **322.7 млрд сомду** түзүп, чыгашасы **344 млрд сомдон** ашат деп күтүлүүдө.