2023-жылдын бюджетинде «капиталдык курулушка» 13 млрд сомго жакын каражат жетпейт - депутат
2023-жылы Кыргызстанда 500 объектинин курулушун бүтүрүү керек. Бардык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 16-17 млрд сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.
Анын айтымында, келерки жылы «капиталдык курулуш» пунктунда болгону 3 млрд сом каралган, демек, 13 млрд сомго жакын жетишпейт. Андыктан ал каржылоону 10 млрд сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, “2023-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзам долбоорунда Финансы министрлиги бюджеттин дефицити 21.2 млрд сомду түзөт деп болжолдогон. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 322.7 млрд сомду түзүп, чыгашасы 344 млрд сомдон ашат деп күтүлүүдө.