> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан, бюджетке быйыл 24 млрд сом түшпөй калат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/02/bazhy-kyzmaty-t-l-md-rd-chogultuu-planyn-atkarbagandyktan-bjudzhetke-byjyl-24-mlrd-som-t-shp-j-kalat/
- Published: 2022-11-02T12:18:13.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:57:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан быйыл Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 24 млрд сом түшпөй калат.**

Бул тууралуу кечээ, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай комитетинин 2023-жылдын бюджетинин долбоору каралып жаткан жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди. 

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында депутат **Алишер Козуев** республиканын тышкы карызын өз убагында тейлөө жана 2022-жылга карата бажы төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Буга жооп катары Бажы кызматынын төрагасы **оор геосаясий кырдаалдан улам** үстүбүздөгү жылдын төлөмдөрүн чогултуу планы боюнча 24 млрд сомго жакын каражат түшпөй турганын айтты.

> «Бүгүнкү күндө төлөмдөрдүн көлөмү 57 млрд сомду түздү, ал эми 2022-жылга карата план **98.5 млрд сом** деп белгиленген», – деди ал.