> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Алматы багытында электр автобустары каттай башташы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/11/02/bishkek-almaty-bagytynda-elektr-avtobustary-kattaj-bashtashy-m-mk-n/
- Published: 2022-11-02T09:21:11.000Z
- Updated: 2022-11-02T09:21:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек менен Алматынын ортосунда электр автобустары каттай башташы мүмкүн. Бул долбоорду Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) эксперттери ишке ашырууну сунуштаганын КРнын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун маалымат кызматы билдирди.**

Мындай сунуш Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулган Алматы – Бишкек экономикалык коридорунун (АБЭК) транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кыргыз-казак жумушчу тобунун экинчи отурумунда айтылды.

> Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар АӨБдүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында **Алматы-Бишкек каттамында электр автобустары менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү** боюнча сунушун талкуулашты.

Белгилей кетсек, бул жыйында ошондой эле Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолунун курулушуна каржылык-техникалык анализ даярдоо чечими кабыл алынган.