> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги түтүн административдик чек ара дегенди түшүнбөйт - Атай Самыйбек
- URL: https://im.kg/all/2022/11/02/bishkektegi-t-t-n-administrativdik-chek-ara-degendi-t-sh-nb-jt-ataj-samyjbek/
- Published: 2022-11-02T16:51:27.000Z
- Updated: 2022-11-02T16:54:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түтүн маселеси Бишкекте эле эмес, Чүй облусунда да чечилиши керек. Түтүн административдик чек ара дегенди түшүнбөйт. Мындай пикирин бүгүн, 2-ноябрда [Economist.kg](https://economist.kg/) сайты уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы» деп аталган тегерек столдо шаар пландоочу Атай Самыйбек** **билдирди.** 

Анын айтымында, транспорт жана күйүүчү майдын сапатсыз маселелерин чечүүдө административдик чек ара менен гана чектелбеш керек, түтүнгө чек дегенди билбейт.

> «Биз шаардын экологиясын, дарыялардын агымын жана борбордун сыртында жайгашкан суу көлмөлөрүн куруу тууралуу ойлонушубуз керек. Бишкектин үстү жагында адамдар бир-эки күнгө барып эс алышкан жерлер бар эле. Азыр болсо жарандар ал жерде туруктуу жашашып, жылытуу үчүн эмнелерди жагып жатканы белгисиз. Тоо тараптан таза эмес жел келип жатат», – деп белгиледи эксперт.

Мындан тышкары, борбор калаада транспорт маселеси чечилсе, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын түтүн көйгөйү турат. Эксперт Бишкекте бардык долбоорлорду ишке ашырып, маселени чечкен менен борборго жакын батыш райондорунун көйгөйү кала берерин айтат.

> «Биз **себептер менен эмес, кесепеттери менен күрөшүп жатабыз**. Бишкекке күнүнө 200 миңдей тургун келет, алардын 100 миңи автоунаасы менен келишет. Бул агымды коомдук транспортту колдонуу менен азайтса болот. Биз темир жолдун потенциалын пайдаланбай жатабыз”, – дейт Самыйбек.