> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түрк тилдүү мамлекеттердин темир жол ведомстволору долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүшөт
- URL: https://im.kg/all/2022/11/02/t-rk-tild-mamleketterdin-temir-zhol-vedomstvoloru-dolboorlordu-ishke-ashyruu-ch-n-zhumushchu-top-t-z-sh-t/
- Published: 2022-11-02T10:02:56.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:50:37.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**27-октябрда Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жолугушуусу өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.**

Иш-чарага Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. Тараптар уюмдун темир жол администрацияларынын активдүү кызматташуусу боюнча маселелерди талкуулашты.

> Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн **темир жол башкармаларынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү** боюнча жана бир катар башка макулдашуулар түзүлдү.

**Бул тема боюнча башка жаңылыктарды окуңуз:**

[Кашкар — Ош — Анжиян — Галаба — Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти](http://localhost/info-portal/news/2022/09/20/kashkar-osh-anzhiyan-galaba-hajraton-tranzittik-kattamy-bojuncha-algachky-poezd-zh-n-p-ketti/)

[Самаркандда Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулуш долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду](http://localhost/info-portal/news/2022/09/15/samarkandda-zbekstan-kyrgyzstan-kytaj-temir-zholunun-kurulush-dolbooru-bojuncha-makuldashuuga-kol-kojuldu/)