> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улутстатком Кыргызстандагы эң көп маяналуу кесиптерди атады
- URL: https://im.kg/all/2022/11/02/ulutstatkom-kyrgyzstandagy-e-k-p-mayanaluu-kesipterdi-atady/
- Published: 2022-11-02T15:48:23.000Z
- Updated: 2022-11-02T15:51:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук статистикалык комитет 2021-жылга карата экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча орточо айлык эмгек акынын көлөмү боюнча маалыматын жарыялады.**

Берилген маалымат боюнча, орточо айлык эмгек акынын эң жогорку деңгээли **финансы секторунун, кайра иштетүү өнөр жайынын, маалымат жана байланыш тармагында** катталган.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендердин орточо айлык маянасы – **36 миң 245 сомду**, ал эми кайра иштетүү өнөр жайы, маалымат жана байланыш тармагында иштегендердин орточо айлык акысы – **35 миң сомго** жакын белгиленген. Андан кийин тоо-кен казып алуу менен алектенген жумушчулар, электр энергиясы, газ жана ушул сыяктуу тармактарда эмгектенгендердин айлыгы 30 миң сомдон ашары айтылат.

Эмгек акынын эң төмөнкү деңгээли мурдагы жылдардагыдай эле искусство, оюн-зоок жана эс алуу (9.5 миң сом), айыл чарба (10.3 миң сом), ошондой эле саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан тейлөө (10.7 миң сом) тармагынын кызматкерлеринде катталган.