> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясы 2023-жылы бардык отканаларды газга өткөрүүнү пландап жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/03/bishkek-meriyasy-2023-zhyly-bardyk-otkanalardy-gazga-tk-r-n-plandap-zhatat/
- Published: 2022-11-03T10:32:32.000Z
- Updated: 2022-11-03T10:32:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылы 22 капиталдык откананын баарын газ менен жылытууга өткөрүү ниетинде. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов [Economist.kg](https://economist.kg/) сайты уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы» деп аталган тегерек столдо билдирди.**

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 4 откана газ менен жылытууга өткөрүлдү. Келерки жылы шаар бийлиги калган отканаларды газга өткөрүүнү аяктайт.

Мындан тышкары, Молдокулов тигүү цехтеринен чыккан калдыктар маселесин көтөрдү. Мэрия буга чейин тигүү калдыктарын утилизациялоо үчүн цех курууга жер бөлүп берген. Бийлик аталган өндүрүш экологиялык жактан таза болот деп убада кылууда.

> «Биз шаардын ар бир районуна таштандыларды сорттоочу пункттарды курууну пландап жатабыз. Келечекте мындай бекеттердин саны 400гө чейин жеткирилет. Ошондой эле активдүү фазада таштандыларды кайра иштетүүчү завод боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мэр азыр Чехияда, алардын тажрыйбасын үйрөнүп жатат», – деди ал.