> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн бажы алымдары 4.7 млрд сомго азайды - Бажы кызматы
- URL: https://im.kg/all/2022/11/03/eaeb-lk-l-r-n-n-t-shk-n-bazhy-alymdary-4-7-mlrd-somgo-azajdy-bazhy-kyzmaty/
- Published: 2022-11-03T11:53:33.000Z
- Updated: 2022-11-03T11:53:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алымдар 11.3 млрд сом болуп, болжолдук көрсөткүчтөргө карата 78.3%ды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алымдар азыркы күндө 4 млрд 700 млн сомго азайган.

> “Бул Бажы биримдигине кирген баш мамлекеттен жалпылаштырып кирген товардын өлчөмүнөн алынган бажы алымдары, анын ичинен КРга берилген 1.9%дык көрсөткүчү бүгүнкү күндө 4.7 млрд сомдук өлчөмдө бизге түшпөй жатат дегенди түшүндүрөт.

> Андан сырткары, бул беш мамлекет ичиндеги бажы төлөмдөрүнө 1 миң 300дөн ашык товардык позицияга жеңилдиктер берилгендигине байланыштуу болуп жатат”, – деди ал.

Исабеков буга карабастан 2021-жылдын ушул тогуз айына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 20.3 млрд сомго көбөйгөнүн, же болбосо, өсүү темпи 167%га жогорулаганын, алардын ичинен алып караганда, алымсыз бажы төлөмдөр 25 млрд сомго көбөйгөнүн белгиледи.