> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкерлерге 10 миң гибриддик ККМ акысыз таратылат - арыз берүү керек
- URL: https://im.kg/all/2022/11/03/ishkerlerge-10-mi-gibriddik-kkm-akysyz-taratylat-aryz-ber-kerek/
- Published: 2022-11-03T16:36:17.000Z
- Updated: 2022-11-03T16:36:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз берип баштаганын билдирди.**

ККМ бир катар себептерден улам кассалык аппараттарды өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз таратылууда.

Орнотулган POS-терминалы (төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу функциясы) жана кассалык чек принтери менен бул гибриддик ККМдер субъекттин ишкердик активдүүлүгү учурунда акысыз берилет.

> “ККМ аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча **аймактык салык органына арыз бериши керек**“, – дейт МСК.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ККМди 54 миңден ашык ишкер колдонууда.