> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга быйыл Кытайдан 2.8 млрд доллардык товар келди
- URL: https://im.kg/all/2022/11/03/kyrgyzstanga-byjyl-kytajdan-2-8-mlrd-somduk-tovar-keldi/
- Published: 2022-11-03T15:30:16.000Z
- Updated: 2022-11-03T16:46:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын тогуз айында Кыргызстанга Кытайдан келген товарлардын импорту 2 млрд 807 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, Кытайдан келген товардын салмагы 607.3 миң тоннаны түзүп, андан 35.7 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн. 

Ошондой эле 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү **5 млрд 189.3 млн долларды** түздү. 

**Анын ичинен:**

- Кыргызстандын **жалпы экспортунун көлөмү** – **500.2 млн доллар**, салмак жагынан алганда 1 млн 936 миң тонна
- Ал эми **импорттун көлөмү – 4 млрд 689.1 млн доллар,** салмагы 1 млн 535.6 миң тонна болгон.

Кошумчалай кетсек, Бажы кызматы тогуз айда Финансы министрлиги белгилеген пландын 81.6%ын гана аткара алган, тагыраак айтканда, [11.9 млрд сомго аз аткарган](http://localhost/info-portal/news/2022/11/03/bazhy-kyzmaty-toguz-ajda-belgilengen-plandy-11-9-mlrd-somgo-az-atkardy/).