> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет
- URL: https://im.kg/all/2022/11/03/zbekstandyn-prezidenti-shavkat-mirzieev-rasmij-sapary-menen-kyrgyzstanga-kelet/
- Published: 2022-11-03T17:46:15.000Z
- Updated: 2022-11-03T17:46:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР ТИМдин маалыматында айтылат.**

Бүгүн, 3-ноябрда КР Тышкы иштер министри **Жээнбек Кулубаевдин** чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри **Владимир Норов** КРга расмий иш сапары менен келди.

> “Жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Норовдун КРга расмий иш сапарынын алкагында, КР менен Өзбекстандын ортосундагы **кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге** кол коюлган.

> “КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы **Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга** кол коюшту”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Норовду КРнын президенти **Садыр Жапаров** да кабыл алган.