> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Астыбыздагы эң кыйын реформа - Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө бөлүү» - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/11/04/astybyzdagy-e-kyjyn-reforma-socfonddu-pensiyalyk-fond-kylyp-z-nch-b-l-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-11-04T11:11:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:41:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында пенсия жаатындагы жүргүзүлчү реформалар тууралуу минкабдын пландарын айтты.** 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Соцфонддун өзүнүн кирешеси **54.9 млрд сомду** түзсө, Соцфондго тапкан кирешесинен 75% көлөмүндөгү каражат же кошумча 41.3 млрд сом трансферт катары республикаттык бюджеттен берилет.

> “Негизи эле биз пенсиялык фондду түзүп жатканда, ал бюджеттен кетет, ар бир киши өзүнүн пенсиясын өзү чогултат дегенбиз. Биз тилекке каршы, 20-30 жылдан бери реформа жасабай, пенсиялык фонд толугу менен бюджетке келип отуруп калды. 
> 
> Астыбыздагы эң кыйын реформалар – Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө жана социалдык төлөмдөрдү да өзүнчө бөлүү. Астыбызда тоскоолдуктардын баары турат. Жакында реформалар боюнча бир топ мыйзамдарды алып келип беребиз”, – деди Жапаров. 

Ошондой эле ал 1-сентябрга карата **733 миң 380 адам** пенсия алып жатканын, быйыл пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго көтөрүлгөнүн, камсыздандыруу бөлүгү 15%га өскөнүн кошумчалады.