> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кийинки жылы Кумтөрдөн 17.6 тонна алтын түшөт - бирок андан канча каражат бюджетке түшөрү белгисиз
- URL: https://im.kg/all/2022/11/04/bijlik-kijinki-zhyly-kumt-rd-n-17-6-mi-tonna-altyn-t-sh-t-birok-andan-kancha-karazhat-bjudzhetke-t-sh-r-belgisiz/
- Published: 2022-11-04T16:09:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:36:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Кумтөрдөн 2023-жылы 17.6 тонна алтын чыгары күтүлүп жатканын, бирок салыктан тышкары, болжолдуу канча суммадагы каражат бюджетке түшөрү тууралуу депутаттын суроосуна так жооп берген жок.**

“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=bziWFXr3z6s) депутат Айбек Алтынбеков Кумтөрдөн чыккан алтынды сатуудан канча каражат түшөрүнө кызыкты.

> “Алтындын өзү бюджетке түшпөйт, өкмөт, Улуттук банк канча алабыз дешсе алышат, калганы чет өлкөгө сатылат. Алтындын сатылган көлөмүнөн 13% алып жатабыз”, – деди Касымалиев.

Депутат кийинки, 2024-25-жылдарда алтынды сатуудан түшкөн каражаттын канчасы бюджетке түшөт, 17 тонна алтындан канчасы бюджетке калат деген суроосу менен **так жооп талап кылды**.

> “Салыктан сырткары Кумтөр дивиденд төлөйт, ал алтындын баасына жараша болот, 25%дан кем эмес болот. Акча “Кыргызалтын” аркылуу түшөт, кирешеси толугу менен Кыргызстанда калат, **андан кийин биз акционерлер бюджетке канча алышты чечебиз**“, – деди минкабдын өкүлү.

Так жооп ала албаган депутат Кумтөр Кыргызстандын менчигине өткөндөн кийин баары ачык-айкын болуш керек деген пикирин айтты.

> “Президент “Кумтөр – элдики, андан түшкөн алтын Улуттук банкта турат” деди. Дивиденд катары 50%ы түшүш керек да. Элдин ишенип атканы – Кумтөр, салык иретинде эмес, киреше түрүндө келгени маанилүү”, – деди Алтынбеков.