> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/11/04/elektr-zaryaddoo-stanciyalarynyn-infrastrukturasyn-n-kt-r-bojuncha-zhumushchu-top-t-z-ld/
- Published: 2022-11-04T10:19:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:53:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өлкөдө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун пайдаланууну жайылтуу боюнча сунуштарды иликтөө жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Жумушчу топко бир айлык мөөнөттө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун колдонууну жайылтуу боюнча пикирлерди иликтеп, сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуусу тапшырылды.

Жумушчу топтун курамына бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлери кирди.

Жумушчу топтун жетекчиси болуп президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы **Алмаз Исанов** дайындалды.