> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын Армения менен товар жүгүртүүсү быйыл төө буурчакты экспорттоонун эсебинен бираз жанданды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/04/krnyn-armeniya-menen-tovar-zh-g-rt-s-byjyl-t-buurchakty-eksporttoonun-esebinen-biraz-zhandandy/
- Published: 2022-11-04T16:40:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы КРнын Армения менен соода жүгүртүүсү 3.462 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

2020-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү **34.6%га** азайган, анын ичинде **импорт** – 3.358 млн долларга же болбосо, 30%га кыскарган. Ошондой эле **экспорт** – 0.104 млн долларды түзүп, ал дагы 5 эсеге азайган.

Ал эми 2022-жылдын январь-август айларында болсо, КРнын Армения менен соода жүгүртүүсү 3.79 млн долларды түздү. 

> “2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге, анын ичинде импорт – 3.65 млн долларга өскөн жана экспорт дээрлик 2 эсеге көбөйүп, 0.14 млн долларды түздү. **Төө буурчакты жеткирүүнүн эсебинен экспорт көбөйдү**“, – деп билдирди аталган министрлик.