> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир айда 4077 кылмыш иши козголот - ИИМдин отчету
- URL: https://im.kg/all/2022/11/04/kyrgyzstanda-bir-ajda-4077-kylmysh-ishi-kozgolot-iim/
- Published: 2022-11-04T14:57:47.000Z
- Updated: 2022-11-04T15:08:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 4-ноябрда КРнын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.**

Министрликтин бүгүнкү өтүп жаткан коллегиясында 2022-жылдын 9 ай аралыгында республика боюнча **36 миң 696 кылмыш иши** козголгону тууралуу маалымат айтылды. Бул ар бир айда эле өлкөдө 4077 кылмыш иши козголот дегенди билдирет.

> “Алардын ичинде 34 миң 226 кылмыш ички иштер органдарында козголгон, бул кылмыштардын жалпы санынын 93.3%ын түзөт. Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактысынын, же 56%ынын бети ачылган. Сот органдарына 14 миң кылмыш иши жиберилди”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ отчетунда күнүмдүк жумушту санариптештирип, кылмыштуулукту, резонанс жараткан окуяларды жана одоно тартип бузууларды болтурбоо боюнча коомдук жайларга, көчөлөргө, кооптуу деп эсептелген аймактарга **2 миңден ашык видео-камераларды** орнотушканын айтат. 

> “Видео-камераларга күнү-түнү мониторинг иштерин жүргүзүү үчүн, Коомдук коопсуздук кызматына “Координация борборун” түзүп, ишке ашырдык.
> 
> Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулук 48%га азайып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылыктар 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га төмөндөгөн. Жол кырсыктары 8%га азайып, каза болгондор 21%, жаракат алгандар 5%га төмөндөгөн. Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы 2 миңден ашык кылмыштарды болтурбай, алдын алууга үлгүрдүк”, – дейт ИИМдин өкүлү.