> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы контрабандалык товарларды транспорт менен кошо конфискациялай тургандыгын эскертет
- URL: https://im.kg/all/2022/11/04/salyk-kyzmaty-kontrabandalyk-tovarlardy-transport-menen-kosho-konfiskaciyalaj-turgandygyn-eskertet/
- Published: 2022-11-04T13:34:55.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:20:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.**

> Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында өлкөнүн аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча КРнын мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.