> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт - ӨКМ
- URL: https://im.kg/all/2022/11/08/8-9-noyabr-k-nd-r-turuksuz-aba-yrajy-k-t-l-t-km/
- Published: 2022-11-08T11:43:03.000Z
- Updated: 2022-11-08T11:43:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ эскертти.**

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Ошондой эле 8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. 

> “Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат”, – дейт ӨКМ.